• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда бир адам «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан чыкты

Аймак 0


Бишкек, 03.03.20./Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан облустун аймагында диний экстремизм, радикализм жана терроризмдин түшүнүктөрү ошондой эле өзгөчөлүктөрү жөнүндө, тактап айтканда ислам динине жамынган радикалдуу агымдардын пайда болуусу жана көбөйүүсү тууралуу коомчулуктун арасында жана каттоодо турган атуулдар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Жогорудагы иштердин натыйжасында Сузак районунун 1967-жылы туулган К.Р. аттуу тургуну 20 жыл мурун “Хизб ут-тахрир” диний экстремисттик агымына кирип, бир канча жыл идеяларын колдоп, китептерин окуп келген. Бүгүнкү күндө ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнгөн жана ал идеяны колдоодон баш тарткан. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Хизб ут-тахрир” диний экстремисттик агымы туура эмес экендигин белгилеп, 5 жыл мурда анын үй-бүлөсү (аялы, баласы, небереси) Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышуу үчүн чагымчыл күчтөрдүн аракети менен азгырылып кетип калгандыгын айтып өткөн. Азыркы күндө үй-бүлө мүчөлөрү Ирак мамлекетиндеги качкындар лагеринде кармалып тургандыгын айтып, ал элдерди, өзгөчө жаштарды экстремисттик жана террористтик чагымчыл күчтөргө азгырылбастан, туура диний көз карашты карманууга чакырып өттү.

Жалал-Абад милициясынын маалыматына ылайык, облустун аймагында “Хизб ут-тахрир” диний экстремисттик агымынын идеяларын колдогон 500дөн ашуун жаран каттоодо турат. Ал эми Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен 117 адам аныкталып, алардын ичинен 12си өз мекенине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий