• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда бир катар спортчулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Жалал-Абад шаарында милициянын генерал-майору Т.Субановдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча ИИМдин чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле “Погончон айым” аталышындагы сулуулук сынагына катышып, “Мисс Смелость” наамына ээ болгон ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Күмүшай Орозкулова сыйланды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Ашим Тагаев сыйлык ээлерин куттуктап, мындан ары да жогорку жетишкендиктерге жетишүүлөрүн каалады.

Андан соң Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинин жанында Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Алар 3-6-июнь күндөрү Ташкентте өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде күмүш жана коло медаль уткан ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Нурисбек Бекбердиев жана Бекболсун Керимбековдор. Бул кызматкерлер 88 жана 98 кг салмакта күч сынашкан. Спортчуларга ак калпак, чепкен кийгизилип, кыргыздын желегин алдыда дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтылды.

Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчулар жетишкен ийгиликтери үчүн салым кошкон ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобековго, машыктыруучулары Замир Раев жана Нурбек Самидиновго ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий