• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда бир өрттөн 2 турак үйдүн чатыры күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.17. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Рабочая көчөсүнүн №8 дарегинде өрт чыгып, өрттөн жыгач устундуу шифер жабылган аянты 68 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында саат 16:15 катталган.

“Өрт Рабочая көчөсүнүн №13 дарегине өткөн. Анда өрттөн 350 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий