• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абадда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Жалал-Абад шаарында кылмыштуулукка жана ар кандай укук бузууларга каршы багытталган “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад ШИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлерлери тартылган. Профилактикалык жумуштарды 300гө жакын милиция кызматкери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жатышат.

“Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан аймактардан келип көп кабаттуу турак-жайларда убактылуу батирде жашагандар көп. Буга байланыштуу алардын кайсы батирде кимдер менен жашай тургандыгы каттоого алынып жатат. Ошондой эле жарандардын паспорт эрежелери, милициянын каттоосуна алынгандар, автоунаалар, курал сактоочу жайлар текшерүүгө алынууда. Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатышат. Алар элди бардык документтерине так жана сак болууга, кандайдыр бир коомго жат көрүнүштөргө күбө болсо милицияга кабар берүүгө чакырышууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий