• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад облустук милициясынын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте “Бирдиктүү алдын алуу” күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери айылдарды аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө паспорт эрежелери, автоунаалар, аңчылык сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо боюнча эрежелери текшерүүгө алынды.

Ошондой эле жайкы эс алууларга байланыштуу маалыматтар жеткирилип, милиция кызматкерлери жарандарды табигый кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Жаш өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлгө алып, алардын кооптуу аймактарда сууга түшүүсүнө жол бербөө керектиги эскертилди.

Көп кабаттуу турак жайлардын жашоочуларына балдарды үйдө жалгыз калтырууга болбой тургандыгы жеткирилип, терезеге жакын алып келбөө зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий