• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда Азия чемпионатында коло медаль уткан Нурадин Рустамбек уулун тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 29-январда Тайланддын борбор шаары Бангкокто өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында 71 килограмм салмакта коло медаль уткан Нурадин Рустамбек уулун "Жалал-Абад" аэропортунан тосуп алышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, спортчуну тосуп алууга Спорт комитетинин жетекчилиги, машыктыруучулары жана жакындары катышты.

Нурадин Рустамбек уулу буга чейин 2019-жылы Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 69 кг салмакта 1- орунду, 2020-жылы Азербайжандын борбор шаары Бакуда кичи дүйнөлүк чемпионатта 69 кг салмакта 1-орунду багындырган. 2021-жылы бокс боюнча 71 кг салмакта Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду ээлеген болсо, 2022-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль утса, 2022- жылы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азиянын биринчилигинде коло медалды багындырган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Бангкок шаарында өткөн 18 жаштан 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатына 21 мамлекеттин спортчулары катышып, Кыргызстандан барган 12 спортчунун жетөөсү коло медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий