• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышы тыкыр көзөмөлдөнөт

Аймак 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы тыкыр көзөмөлдөнүп, алты айдын жыйынтыгы менен тийиштүү баа берилет. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бүгүнкү өткөн жыйында билдирди.

Ага президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, район-шаарлардын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдери менен тапшырмаларынын жер-жерлерде ишке ашырылуусунун жүрүшү каралды.

Айбек Жунушалиев жергиликтүү бийлик жетекчилеринин кайдыгер мамилесинин улам, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү ишинин чабал жүрүп жаткандыгын белгиленди.

Ошондой эле Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамсыз курулуштардын трансформациялоо, ишкердик субъектердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусун камсыз кылуу жумуштарынын арбындыгын айтты.

Облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев аймактарда мал базарларды долборлоого, курууга, күтүүгө жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптарды толук аткаруу, турак жайларды камсыздандыруу боюнча жылдын жыйынтыгы менен 30 пайызга чыгаруу зарылдыгына токтолду. Облус башчысы жыйында айтылган ар бир маселе актуалдуу экенин, жетекчилерге жер-жерлерде натыйжалуу иш жүргүзүүнү эскертти.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий