• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда былтыркыга караганда бюджетке 411 млн сомго көбүрөөк каражат чогултулду – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда быйыл 4 айда былтыркыга караганда бюджетке 411 млн сомго көбүрөөк каражат чогултулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 4 айда бюджетке 1 млрд 617 миң сом каражат чогултуу пландалган.

"Аны облус 103%га аткарды же 1 млрд 673 млн сом акча чогултулду. Ал эми былтыркы жылдын 4 айына караганда өсүш 128%ды түздү. Башкача айтканда былтыркы жылдын 4 айына салыштырмалуу 411 млн сом көбүрөөк чогултулду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий