• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда үч адам ууланып каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып каза тапканын "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Аксы аймактык ооруканага 4 адам кайрылган, анын үчөө көз жумган. Ал эми бир бейтап дарыланууда, анын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, ооруканага кайрылгандар спирт ичимдигинен ууланган.

Пикир

Оставить комментарий