• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда үч бөлүмдү бириктирген 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 100 орундуу кошумча имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда неврология, терапия жана нефрология (жасалма бөйрөк) бөлүмдөрү жайгашып, 100 орунга ылайыкташтырылат. Буга чейин фин тибиндеги аталган бөлүмдөрдүн имараттарынын эскилиги жетип, толук шарт түзүлбөй келген.

Жаңы имаратка капсула салуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик жана оорукана кызматкерлери катышты.

Облус башчысы калк саламаттыгын сактоодо дарыгерлердин орду чоң экенин белгилеп, аларга мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан социалдык камкордуктар тууралуу маалымат берди. Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы медицина тармагын өнүктүрүү үчүн эң алгач заманбап имараттарды куруу, элге шарт түзүү аракети колго алынып жатканын кошумчалады.

Оорукананын имаратынын курулушу 2023-жылы республик бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланып, сметалык баасы 280 млн сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий