• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда үч студент өкмөт башчынын белегин алды

Аймак 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти премьер-министр Сапар Исаковдун баалуу белегин алышты. Аны жыл аягында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.

2017-жылдын декабрь айында Өкмөт башчы Сапар Исаков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна келип, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жургүзүп жаткан ишмердүүлүгүнөн кабар алган жана студенттер менен жолугушууп, кеңири баарлашып кайткан.

Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, ошол учурда С. Исаков жакшы суроо узаткан үч студентке өзүнүн баалуу белеги ыйгарылаарын айткан.

Мыкты суроо берген ЖАМУнун студенттери Алтынай Базарбаева, Акай Болотбеков, Жылдыз Данияровага баалуу белектерди алышкан.

Пикир

Оставить комментарий