• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда үч жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үч жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын Жалал-Абад филиалынын адистери Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Ак-Коргон» жана «Мырзажан» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун трансформатордук кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди бүтүрүштү.

«Ак-Коргон» 110/10 кВ көмөк чордонунда 6300 кВА түзгөн кошумча трансформатордук кубаттуулук ишке киргизилди.

«Мырзажан» 110/35/10 кВ көмөк чордонунун №1 трансформаторунун кубаттуулугу 6 300 кВАдан 25 000 кВАга өстү.

Мындан тышкары, «Кристалл» 220/110/10 кВ көмөк чордонунда кошумча трансформатордук кубаттуулуктар ишке киргизилип, экинчи кезектеги иштер жүрүп жатат.

Трансформатордук кубаттуулукттардын өсүшү жалпысынан 88 000 кВА түздү.

Бул иштер 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө электр тармактык комплексти даярдоонун алкагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо жана иштеп жаткан күч трансформаторлорунун жүктөлүүсүн жеңилдетүү үчүн жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий