• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда чачкынды соода жүргүзгөндөргө рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чачкынды соода жүргүзгөндөргө рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүгө биринчи вице-мэр Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте чыкты.

Эл басуучу жолдордо ыңгайсыздык жараткандарга эскертүү берилип, уруксат берилбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул талаптар аткарылбаса административдик чаралар көрүлөт.

Шаарды иретке келтирип, базардагы башаламандыкка бөгөт коюу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий