• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда чек арачыларга курулуп жаткан 36 батирлүү үйдүн курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда чек арачыларга курулуп жаткан 36 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын облустагы башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарада облус башчысы чек арада кызмат өтөө жооптуу жана татаал милдет экенин белгиледи. Кызматкерлерге чек ара чебинде туруп, мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын, аймактык бүтүндүгүн коргоо жоопкерчилиги жүктөлгөнүн айтты. Ал дал ушул кызматка бүт өмүрүн арнаган адамдар эрдиктин жана мекенчилдикдин үлгүсүн көрсөтүп келе жатканын айтты.

Өкүл өлкө башчысы тарабынан да мамлекеттик чек араны бекемдөө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Ошондой элк Сыргабаев Шамалды-Сай шаарчасындагы 20-27 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине салынып, аяктоо алдында турган 36 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу менен таанышты. Мындан сырткары аскердик бөлүктүн бир катар көйгөйлөрүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий