• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда чет элдик студенттерге милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга карша аракеттенүү кызматынын кызматкерлери чет элдик студенттер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Облустук милициядан билдиришкендей, жолугушуу учурунда Афганистанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоо зарылдыгы белгиленди. Диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин билбестиктен бөлүшүп алуудан сак болуу керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери чет элдик студенттерди Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулуктуу сактоого чакырышты. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин эскертишти. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди.

Чет өлкөлөрдөн келип Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан билим алып жаткан студенттердин окутуучусу Парача Мухаммед Башир Жавед милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өттү. Ал өз сөзүндө бул жолугушуу оң пайдасын берерин жана бир топ маалыматтарга ээ болушкандыгын белгиледи. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер мыйзам бузууларга барбай тургандыгын, тартипти бекем сакташарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий