• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган илимий конференция өтүп, анын атындагы мечит ачылат

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция уюштурууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, конференция алкагында Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат.

Ал эми 17-июль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылыш салтанаты болмокчу.

Эске салсак, Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда илдеттен улам дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий