• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы кыз изделүүдө, - деп билдирет Жалал-Абад ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында болжол менен саат 10:00дөр чамасында 1997-жылкы Хилматова Шахсанам Хайрулло кызы жолдошунун үйүнөн кошунасынын үйүнө тойго чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы кара, узун белине чейин.

Жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу чалып, кабарлап койсоңуздар болот: 0778 87 11, 0774 60 60 02.

Пикир

Оставить комментарий