• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Карабайм! Жалал-Абадда дарыгер дене табы көтөрүлгөн баланы кабыл алуудан баш тарткан

Аймак 0


Ош, 21.12.18. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдө дарыгер дене табы көтөрүлгөн баланы кабыл алуудан баш тартып, энесин кайырчы деп атаган видео жарыяланган.

Айрым маалыматтарга караганда бул окуя Жалал-Абад шаарында болгон. Баланын дене табы 38 градус болуп, ата-энеси баланы балдар ооруканасына алып келишкен.

Видеодо дарыгер оорулуу баланы такыр кабыл алуудан баш тартып, аларды башка жакка баргыла дегендигин көрүүгө болот. Бирок чыр эмнеден улам келип чыккандыгын айтылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий