• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе бар – Ызабеков

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирусту жалпы 642 адам жуктурган. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. “Бизде дарыгерлер боюнча маселе бар. Оору менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын 26 мугалими тартылды. Учурда 3 медайым кызыл зонада иштеп жатат. Ошондой эле үйдө болгон медкызматкерлерди да чакырып жатабыз”, - дейт ал.

Ызабеков медкызматкерлерге кошумча акча каражаты толук төлөнгөнүн айтат.

“Жалал-Абадда илдеттен жалпы 364 адам айыкты. Обсервацияда 168, үй көзөмөлдө 2 миң 70 жаран болууда”, - деди Ызабеков.

Пикир

Оставить комментарий