• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тогуз-Тородо дарыяга түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрь күнү саат 17:41де "102" кызматына Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-жылы туулган Б.к.Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн ,9-ноябрь күнү улантылды.

Издөө иштерин Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБнөн 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам саат 08:28де жерине жетишип, Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүштү.

Кечки саат 10:45те Б.к.Д.нын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий