• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда дээрлик 1 кг марихуананы үйүнө катып койгон жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 28-сентябрда М.А.Д. аттуу жарандын үйүнөн дээрлик 1 кг марихуана табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш иштин алкагында М.А.Д. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда салмагы 833 граммды түзгөн кургатылган марихуана табылган.

Учурда М.А.Д. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий