• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 100 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат

Аймак 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү "Бакыт" борборунда 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн даярдык иштери соңуна чыгуу алдында турган жайга облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып, анда түзүлгөн шарттары менен таанышып чыккан.

"Коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүп жаткандыктан, орундардын жетишсиздик маселесин болтурбоо үчүн буга чейин кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалып баштаган. Эскирген шарты жок имаратты калыбына келтирүүгө өкүлдүн резервдик фондунан 650 миң сом бөлүнгөн. Ал каражатка мекеме оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өкмөт тарабынан камсыздалган 1 миллион сомдон ашык каражатка медициналык жана ички жабдыктар сатылып алыды", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жумуштарды тез аранын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий