• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда дезинфекциялоо иштери дрон жана мотодельтапландын жардамы менен жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында дезинфекциялоо иштери агродрон жана мотодельтапландын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Короновируска шектелип обсервацияга алынган жарандар жайгашкан имараттар, алар жашаган үйлөр, облустук оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы дезинфекцияланууда. Бул иштер "Бай дыйкан" айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан аткарылып жатат. Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу акча каражаттары да аталган борбор тарабынан каржыланууда", - деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясы.

Бул иштерди алдыдагы күндөрү башка аймактарда улантуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий