• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда диний адабияттарды уруксатсыз даярдап жүргөн басмакана аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 17-майда диний адабияттарды уруксатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, басмакана УКМКнын Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.

Кыргызстандын Б.А.К., аттуу жаранынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылып алынды.

Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий