• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда диний экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Жалал-Абадда диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууда милиция кызматкерлери менен тийиштүү кызмат адамдарынын биргелишип иштөөсүн жогорулатуу максатындагы семинар болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Семинарга Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан даярдалган слайдар көрсөтүлдү. Өлкөдө тыюу салынган диний агымдар жана ага маалыматтын жоктугунан жарандардын кирип калуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Атайын даярдалган усулдук китепчелер таратылып, эл арасында профилактикалык жумуштарды алып баруу жолдору айтылды.

Соңунда жаштар арасындагы диний экстремизмге бөгөт коюуда укук коргоо органдарына башка мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрү кайдыгер карабастан көмөктөшүү керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий