• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында "Достукка чакырган орус ырлары" аттуу фестиваль өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 30-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда "Достукка чакырган орус ырлары" аттуу фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Алтайдан келген коноктор, мугалимдер, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Маданий иш-чарада Алтай элдик чебери Юлия Наумованын "Маркетри" техникасындагы көргөзмөсү коюлду. Андан соң келген коноктор үчүн орус ырлары жаңырып, Алтай элинин улуттук кийимдеринин көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара Оштогу "Русский дом" уюму, "Алтай крайындагы калк үйү" жана Жалал-Абад шаарындагы "Славян диаспорасы" тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий