• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген касапкана курулууда

Аймак 0

Ош, 4-август /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы мал союучу жай курула баштады. Курулуштун иш чарасына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сатыбалдиевдин билдиришинче, Жалал-Абаддын бардык шаарларында ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган касапканалар курулат. Бул өз кезегинде экспортт көбөйтүүгө жол ачат.

Жаңы касапкананын жетекчиси Абдыкасым Кушпаковдун айтымында, мекеменин курулушуна 16 млн сом корогон. Алардын 10 млн сому өкмөттүн жардамы менен “Айыл Банктан” насыяга алынган. Мал союучу жай Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын тыкыр көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий