• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты.

Иш-чарада алгач Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы № 52870 атайын багыттагы илбирс бригадасы Эгердүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган марафондо 30 чакым аралыкты чуркап өтүп, тууну облус башчысына тапшырды.

Саамалыкта сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев, жалпы катышуучуларды куттуктап, эгемендүүлүк өлкөнүн эң башкы байлыгы экенин белгиледи.

"Өлкөбүз эгемендүүлүк алып мамлекет катары калыптануудагы 30 жыл аралыгында бир топ татаал күндөрдү баштан өткөрдү. Кыйын мезгилдерде акылман кыргыз элибиз биримдигин чыңдап, алдыга карай багыт алып келет. Жыл өткөн сайын Кыргызстан бардык тармактарда дүйнө элдери менен тең тайлаша өнүгүү жолунда десек болот. Көз карандысыздыгыбыздын 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда бир топ маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. Мунун баары калкыбызга эгемендүүлүктүн баркына жетүү, биримдигин чыңдоо менен эл-жерге болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат.

Кадырлуу мекендештер! Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жана меймандары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм!

Эркиндигибиз түбөлүккө улансын! Элибизге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм! Асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун!", – деди Абсаттар Сыргабаев.

Майрамдык иш-чарада күч түзүмдөрүнүн жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттарынын салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий