• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата илимий конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мугалимдердин ошол жылдар аралыгында билим берүү тармагындагы жетишкендиктери” деген аталышта мугалимдердин илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, шаардагы мектептердин директорлору жана мугалимдери катышты.

Конференцияда мугалимдердин билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу менен методикалык даярдыгын күчөтүү, 2021-2022-окуу жылын ийгиликтүү баштоо сыяктуу 9 темада доклад окулду.

Жыйынтыгында окутуунун өзгөчөлүктөрү талкууланып, билим берүү маселелери боюнча методикалык сунуштар берилди жана пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле мыкты деп табылган докладдарды даярдаган мугалимдерге ардак грамоталар тапшырылды

Пикир

Оставить комментарий