• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда эки аялдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисин өлтүрүп алган

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Шамалды-Сай шаарчасында эки аялдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисин өлтүрүп алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта саат 13:15тер чамасында “102” кызматына Шамалды-Сай шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда аялдын сөөгү уктоочу бөлмөдөн табылган. Ал Шамалды-Сай шаарчасындагы үйлөрдүн биринде жашаган 43 жаштагы Н.Г. аттуу жаран экендиги такталып, киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын 38 жаштагы П.Т. аттуу аял кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү каза болгон аялга таандык алтын буюмду алып келип, кылмыш жасаган бычакты ыргытып жиберген жерди көрсөтүп берген.

Шектүүнү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизүү түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий