• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда эки окуучу Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга жолдомо алды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Жалал-Абадда эки окуучу Россиянын жогорку окуу жайларында билим алууга жолдомо алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Мигрант инвесторлордун ассоцациасы» жана «Мигранттардын эл аралык федерациясы» коомдук уюму аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдары үчүн Россиянын 2 жогорку окуу жайына орус тили жана математика предмети боюнча тандоо конкурсун өткөрдү.

Сынак тест түрүндө жүргүзүлүп, ага Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген 170 бала катышты.

Тапшырылган тесттин жыйынтыгы боюнча 2 окуучу Россиянын 2 жогорку окуу жайынын бюджеттик бөлүмүнө жолдомону утуп алды.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу кыска мөөнөттүү курстарга 24 окуучуга окуу акысына 70% жеңилдетилген сертификат берилди. Ал эми 2-3-орунду алган 4 окуучу 100% женилдикке ээ болду.

Белгилей кетсек, аталган сынак Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жатат. Ага Жалал-Абад жана Чүй облусу пилоттук негизде тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий