• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда эки жолу үйүнөн качып кеткен окуучу Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Жалал-Абадда жоголгон 9-класстын окуучусу Бишкектен табылды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 3-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунан жашы жете элек кыз А.Таалайбекова мектептен чыгып кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Анын туугандары ички иштер органдарына жоголгон кызды табууга жардам сурам кайрылышкан.

“Бул факты боюнча Аксы РИИБ жеке курамы толук ишке багытталып, жоголгон кыз тууралуу маалымат коңшу облустарга жана шаарларга жөнөтүлгөн. Издөө иштерин райондук милиция бөлүмүнүн кылмыш издөө кызматкерлери алектенди”, - деп белгилешет басма сөз кызматынан.

Аксы РИИБ КИБ маалыматы боюнча дайынсыз жоголгон окуучу кыз болжол менен бир жумадан кийин Бишкектен табылган. Бирок, аны туугандары үйүнө алып барышкан соң кайрадан качып кеткен. Андан соң, кайрадан издөө иштери борбордо жана шаардын чет жакаларында жүргүзүлдү.

Кечээ милиционерлер А.Таалайбекованы табышып, учурда Аксы районундагы ата-энесине алып бара жатышат.

Жашы жете электердин иштери боюнча ИИБ инспекциясы үйүнөн качуу себептерин аныктап жатышат, алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий