• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда экинчи ирет муктаж үй-бүлөнүн балдарына мектеп формалары таратылды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата жалпы 1 миң 800 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына мектеп формасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-сентябрь күнү облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына экинчи ирет мектеп жана спорттук формаларды тапшырды.

Жаңы окуу жылына карата облус аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында башталгыч класстардын окуучуларын мектеп формалары менен камсыздоо аракеттери облус башчысы тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөрдүн каржылоосунда ишке ашырылууда.

Бүгүн облус өкүлүнүн катышуусунда формалар 200 балага тапшырылса, калган аймактардагы балдар кийимдери район жетекчилиги тарабынан таратылат.

Пикир

Оставить комментарий