• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды тараткан Өзбекстандын жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Жалал-Абадда экстремисттик идеяны тараткан өзбекстандык үй-бүлө кармалды. Бул туралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 30-августта милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагында экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жана жайылтуу иштерин активдүү жүргүзүп жатышат деген маалымат алынган. Алынган маалыматтар "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштеринин негизинде берилген тергөө тапшырмасы боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анда экстремисттик материалдарды таратып жаткан атуулдар Өзбекстан Республикасынын жарандары экендиги такталган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү, атасы 1967-жылы туулган Э.Т., аялы 1976-жылы туулган Э.З. жана алардын баласы 1994-жылы туулган У.А. болушкан. Бул үй-бүлө мүчөлөрү 2006-жылдары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз жолдор менен бузуп өтүшүп, качып келишкени такталган.

Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан экстремизм багыты боюнча Э.Т.га издөө жарыялангандыктан үй-бүлөсү менен качып, Кара-Суу районунун аймагына өтүп келишкен. Кийин “Хизбут Тахрир” партиясынын активдүү мүчөлөрү менен байланышта болуп, алардын жамаатына кошулуп, өз ишмердүүлүктөрүн Кара-Суу районунун жана Жалал-Абад облусунунн аймагында улантып, ар кайсы жерлерде сабактарды уюштуруп өтүп келген.

Мындан сырткары, ал интернет тармагын да жакшы өздөштүрүп, фейсбук, одноклассники, телеграм, ватсап, инстаграмм социалдык баракчаларына фейк аккаунттар аркылуу экстремисттик материалдарды даярдап, жайылтып келген. Ошентип, Э.Т. ден-соолугуна байланыштуу 2021-жылы каза болгон.

Андан кийин “Хизбут-Тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүн аялы Э.З. жана баласы У.А. улантып келишкен. 2022-жылдын 7-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык тергөө сотунун берген уруксат токтомдорунун негизинде жогорудагы жарандардын ижарада жашаган үйү жана кийим-кече сатуучу контейнерине тинтүү жүргүзүлүп, 3 уюлдук телефон, 41 экстремизм багытындагы материалдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул материал Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий