• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда эл жана турак жай фондун каттоо даярдыктары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21./Кабар/. Жалал-Абадда эл жана турак жай фондун каттоо даярдыктары талкууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-мартынан 3-апрелге чейин Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо жүрөт.

15-декабрда ага карата Жалал-Абад облусундагы даярдык чаралары онлайн жыйында каралды.

Облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов бардык район-шаарларда тийиштүү даярдыктар көрүлүүсү керектигин белгиледи. Турак жай, көчө даректерин тактоо, каттоо жүргүзүүчүлөрдү окутуу маселелери талкууланды.

Эл жана турак жай фондун каттоо ар он жыл сайын өткөрүлөт. Анда өлкөдөгү калктын саны, социалдык-экономикалык абалы тууралуу жалпы маалымат чогултулат. 2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондун каттоо, пандемиядан улам жылдырылган.

Каттоодо ар бир жаран өзү жана турак жайы жөнүндө маалымат берип, коопсуздугу үчүн жеке купуялуулугу сакталат. Каттоо процесси бул ирет электрондук системада өтөт.

Каттоо – бул жалпы улуттук жана ал баарына тиешелүү окуя.

Пикир

Оставить комментарий