• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков Элдик курултайга шаардын атынан делегат катары катышып келген Кубаныч Акматов жана Аскарбек Саипов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Делегаттар Элдик курултайда Жалал-Абад шаарынын аймагын кеңейтүү, инфраструктуралык абалын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү, шаарга логистикалык борбор куруу, спорт мектебин ачуу, мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди кайтаруу сыяктуу орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүшкөн.

Шаар мэри Элдик курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөр жергиликтүү бийликтин аракети жана бийликтин жогорку бутактарынын колдоосу менен ирети менен чечилип жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, мэр шаарда 2023-жылда аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берип, аларды шаарды өнүктүрүүгө, шаардын тазалыгына байланышкан маселерди чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий