• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин буйругу менен шаар аймагында “Эне тил жана Ч. Айтматов” аттуу үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрынан 20-декабрына чейин улантылат. Негизги максаты залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында кыргыздын улуттук тилин, баалуулуктарын жайылтуу, даңазалоо, улуттар аралык ынтымакташтыкты бекемдөө болуп саналат. Бул үч айлык негизинен шаарда жайгашкан жогорку жана орто окуу жайларында, шаардык билим берүү тармагында жүрүп, жаштарды тарбиялоого багытталган.

Үч айлыктын алкагында окуу жайларда ар кандай программадагы иш-чаралар өткөрүлүп, тематикалык дубал гезиттер чыгарылат. Конференцияларды, спорттук таймаштарды жана тематикалык дебаттарды, викториналарды уюштуруу каралган.

Андан тышкары мамлекеттик тил кабинеттери уюштурулуп, анда Ч. Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окууларды өткөрүү жана тил байлыгын өстүрүү чаралары жүрмөкчү. Шаар мэринин буйругу аркылуу үч айлыкты өткөрүү боюнча шаардык уюштуруу комитети түзүлүп, ага шаардын вице-мэри баш болгон шаардык ишканалардын 9 жетекчиси кирди.

Ошондой эле үч айлыкты уюштуруп-өткөрүүнүн иш-чаралары бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий