• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү - Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү" аталышындагы Эл аралык бизнес форум өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетине төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Россия Федерациясы, Өзбекстандын үч облусунан келген делегация, Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков, ондон ашуун мамлекеттерден келген инвесторлор катышты.

Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Энергетика, Тышкы иштер министрлиги, Туризм департаментинин өкүлдөрүнөн турган жалпы 400дөн ашуун адам катышы.

Форум алкагында сөз сүйлөгөн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүгү, энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктар тууралуу маалымат берди.

Өкүл аймакта электр энергиясын өндүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, бардык кызыктар тараптар менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Эл аралык бизнес форумду өткөрүүнүн максаты облустун, өлкөдөгү жана сырткы инвесторлор менен таанышуу, өз ара пикир алышуу жана жаңы диалог аянтчаларды уюштуруу болуп саналаапын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий