• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган кароо-сынак өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция окуучулар менен ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кызыл-Туу айыл аймагында мектеп окуучулары менен эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган кароо-сынак өткөрүштү.

Аталган айыл аймактагы А.Матиев, Ж.Төрөмаматов, О.Муратов орто мектебинин окуучулары атайын даярдалган программанын алкагында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эрте никеге туруунун жана кыз ала качуунун терс жактары, турмуштун татаал сыноосуна кабылган тагдырлар сахналаштырылып, көрүүчүлөргө көрсөтүлдү. Окуучулар тарабынан даярдалган көрүнүштөр көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эргүү менен көрүп отурушту. Ошондой эле ыр-күүлөр, бийлер орун алып, бардык номерлер калыстар тарабынан бааланып турду. Жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан дипломдор тапшырылды.

Ал эми окуучуларды патриоттуулукка чакырган "Мыктыгер" аталышындагы иш-чара Тогуз-Торо РИИБи жана Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын демилгеси менен өткөрүлдү. Кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында уюштурулган иш-чарада милиция кызматкерлери жаштарды мекенди сүйүүгө чакырышты.

Ошондой эле бүгүн 21-майда бул мектепте жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат. Коомдук коопсуздукту Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери көзөмөлгө алышууда.

Пикир

Оставить комментарий