• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында Футбол академиясы курулат

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан Л.Бакирова көчөсүнө 5 гектар аянтты ээлеген Футбол академиясы курулат. Бул боюнча бүгүн, 24-июнда коомдук угуу өткөрүлгөндүгүн, Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коомдук угууга катышкан жашоочулар бир добуштан Футбол академиясынын курулушун колдоду.

Академия 400 орунга ылайыкташып, Кыргыз футбол союзунун көрсөтмөсү менен ФИФА жана АФК уюмдарынын талабына ылайык курулат. Академияда жатакана, ашкана, медициналык бөлмө, 3 чоң, 4 кичи футбол аянттары жана бир жабык спорт зал болот.

Мындан тышкары Футбол академиясынан балдар футбол ойноодон сырткары англис тилин да үйрөнүшөт.

Футбол академиясын куруу максаты - Кыргызстандын футбол курамасын өнүктүрүү менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты футболчуларды даярдоо.

Футбол академиясын куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан атайын жер бөлүнүп берилди. Учурда ал жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Академия ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлүп, 9 жаштан 17 жашка чейинки балдарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий