• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда гашиш баңгизатын сатууга шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда гашиш баңгизатын сатууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда “Б” аттуу жаран баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгенип жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен катталган.

Атайын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг 600 гр марихуана жана 25 грамм салмактагы гашиш баңгизатын сатып алуу жүргүзүлгөн. Анын негизинде “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 45 жаштагы М.Б. аттуу тургуну болуп чыккан.

23-сентябрда саат 23:00дө Б.М. жана ал менен бирге жүргөн кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды жеке текшерүү учурунда 2 кг 830 гр гашиш жана 1 кг 600 гр марихуана баңгизаты табылган. Анын жалпы салмагы 4 кг 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык гашиш баңгизаты болгондугу аныкталган.

Учурда кармалгандар Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык, Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий