• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору электрондук кезек системасына өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын тургундары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кезек күтүү убаракерчилигинен арылышты. Анткени аталган жайларда автоматташтырылган электрондук кезек системасы иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук кезекке туруу үчүн үйдө олтуруп, уюлдук телефон же компьютер аркылуу “registratura.med.kg” дареги боюнча дарыгерлердин бош убактыларын билип, анкета толтуруу керек.

2019-жылдын 26-декабрынан башталган электрондук кезек системасы аркылуу ушул убакытка чейин шаар боюнча 1022 бейтап кайрылган. Электрондук система аркылуу бейтаптардын гана эмес дарыгерлердин да убактыларын үнөмдөөгө шарт жаралып жатат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, калаанын жалпы 110 миңден ашуун калкын медициналык жактан тейлеп келет.

Пикир

Оставить комментарий