• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Анда президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялагандыгына карата жана учурдун талабы болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында иштерди күчөтүү керектиги белгиленди. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, аларга ата-энелер көмөктөшүп, мектептерде уюштурулган иш-чараларга активдүү катышып, балдардын келечегин колдоого чакырышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер жергиликтүү бийликтин жана милициянын сунуштарын колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жыйында 2020-жылга карата Жалал-Абад ШИИБи жана шаардык билим берүү бөлүмү балдарды колдоодо, зордук-зомбулукка, кылмыштуулука каршы күрөшүүдө атайын пландын негизинде иш-чараларды кабыл алышып, иш жүзүнө ашырылаарын белгилешти.

Белилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 20 мектеп бар. Алардын коопсуздугуна 7 жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөл кылышат.

Пикир

Оставить комментарий