• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башпаанексиз адамдарга кам көрүү максатында мэриянын алдындагы “Кайрымдуулук борбору” тарабынан атайын жай уюштурулган. Имарат 20 адамга ылайыкташып, эркектер менен аялдарга бөлөк бөлмөлөр каралган.

“Ноябрь айынан тарта кабыл алып баштаган түнөк үйүнө күн сайын 10го жакын адам келүүдө. Аларга бир маал ысык тамак берилет. Төшөк-жууркан, кийим-кечелер менен камсыз болушат. Башпаанексиз, кароосуз жарандар мында жазга чейин камкордукка алынат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик жыл сайын кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жокторго ушул жол аркылуу жардам берүүнү колго алган.

Пикир

Оставить комментарий