• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында үй-жайы жоктор үчун баш калкалоочу жай ачылды. 2 бөлмөлүү баш калкалоочу жайда 15 орун даярдалган, анда аялдар жана эркектер өзүнчө жатышат.

Маалыматка ылайык, кечинде үй-жайсыздарга ысык тамак берилет. Аталган жай көп жылдардан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жайгашкан жана кайрымдуулук борборунун 3 бөлмөсү үй-жайы жоктор үчүн жатакана катары пайдаланылган.

Пикир

Оставить комментарий