• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, туруктуу жашаган жери жокторго кам көрүү максатында мэрия алдындагы "Кайрымдуулук борбору" тарабынан уюштурулган баш калкалоочу жайлар иштеп жатат.

"Имаратта эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Азыры учурда аталган жайга күн сайын 10дон 15ке чейин киши түнөк алууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга түнөк үйүн 2013-жылдан тарта уюштуруп келет. Ал эми 2019-2020-жылдагы кыш мезгилине карата жалпы 166 миң акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий