• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда ички чарбалык ирригация тутумун жакшыртуу аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда ички чарбалык ирригация тутумун жакшыртуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул багытта ички чарбалык ирригация тутумдары боюнча мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу тууралуу окутуу семинары өттү.

Семинардын жүрүшүндө ички ирригация тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңири талкуу болду.

Жаңы эрежеге ылайык, ички чарбачылык ирригациялык системалар муниципалдык менчик деген статуска ээ болуш үчүн биринчиден суу пайдалануучулар чогулуш өткөрүп, анын чечимине ылайык муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңешке кайрылуусу керек. Айыл өкмөтү аркылуу же дароо эле жергиликтүү депутаттарга кайрылса болот. Эгер жергиликтүү кеңеш кабыл алынсын деген чечим чыгарса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлктү мамлекеттик каттоо кызматында каттайт. Мында ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоого, ар кандай финансылык булактар үчүн укуктук негиздер түзүлөт. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле башка булактардан каражат тартууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Бул тартип айыл чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде сугат суу менен камсыздоо маселелерин камтыйт. Суу пайдалануу жана ирригациялык курулуштарды эксплуатациялоо эрежелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат.

Жыйында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү туура колдонуу үчүн жер жерлерде тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушуулар улантылаары белгиленди.

Жалал-Абад облусунда жалпы 708 чакырымга жакын ички чарбалык ирригация тутуму бар.

Эскерте кетсек, буга чейин КРнын айрым мыйзам актыларына (КРнын Суу кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңештин үч окуусунан өтүп, андан соң президент кол коюп күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий