• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлери эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда кызмат өтөө учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн 15-май – ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып каза болгондорду эскерүү күнү.

Буга байланыштуу эскерүү иш-чарасы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө өткөрүлдү. Маркум милициянын капитаны Анвар Махмадалиевдин жана 2010-жылкы июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран түшүрүлдү. Маркум милициянын жубайларына көңүл айтылып, алардын орду эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди.

Эскерүү күнүнө карата “Шумкар” АБПнын Атайын операциялар отрядынын (ОСО) жетекчилиги Ооган согушунун ардагери, Баткен окуясынын катышуучусу, маркум, милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жубайынан кабар алышты. Алар офицердин жубайына көңүл айтышып, куран түшүрүп, кандай учур болбосун милиция тарабынан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтышты. Маркум полковниктин элеси түбөлүккө унутулбай, жаштарга анын эмгек жолу өрнөк болуп келе жатканын белгилешти.

Ал эми Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда куралдуу террорчулардын колунан 45 жашында каза болгон милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаевдин үй-бүлөсүнөн кабар алышып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле, Чаткал РИИБине кызмат өтөп жатып каза болгондорду бир минуталык эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий