• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы наамдар ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө алгачкы лейтенант наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Офицердик наамдарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев бүтүрүүчүлөрдү элибиз үчүн ак кызмат өтөөгө чакырды. Жумушта жоопкерчиликтүү, жарандар менен сылык мамиледе болууга үндөдү. Алар жакынкы аралыкта облус аймагындагы бош кызмат орундарына дайындала тургандыктарын, бөлүнгөн аймагында татыктуу кызмат өтөө зарылдыгын белгиледи. Бүтүрүүчүлөрдүн иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, Академиядан алган билимин практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин айтып өттү.

Мындан сырткары, 3-6-июнь күндөрү Ташкентте өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде күмүш жана коло медаль уткан ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий