• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы наамдар ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Эргеш Алиев атындагы Академиясын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында алгачкы лейтенант наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Офицердик наамдарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Кылычбек Жолдошов бүтүрүүчүлөрдү элибиз үчүн ак кызмат өтөөгө чакырды. Алардын жаңы дайындалган кызмат ордуларында ийгиликтер болуусун жана Академиядан алган билимин практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле жумушта жоопкерчиликтүү болуп, жарандар менен сылык мамиледе болууга үндөдү.

Милициянын жогорку окуу жайын аяктаган бүтүрүүчүлөр областтын аймагындагы бош кызмат орундарына дайындалып, жакынкы күндөрдө жумуш баштоолору Кадрлар бөлүмү тарабынан белгиленди», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий